Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

"Талибан" үч айга ок атууну токтотуу үчүн өз шартын койду


Ооганстандагы аял
Ооганстандагы аял

Ооганстанда "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү 7000ден ашык согушкерлерин өкмөттүк күчтөр абактан бошотсо, үч айга ок атууну токтоторун жарыялады. Бул тууралуу талибдер менен сүйлөшүүгө катышып жаткан ооган өкмөтүнүн өкүлү Ахмад Надер Надери билдирди. Ал Кабулда 15-июлдагы маалымат жыйынында талибдер кыймылдын жетекчилерин БУУнун "кара тизмесинен" чыгарууну да талап кылганын кошумчалады. Бул шартка ооган өкмөтү кандай жооп кайтарары белгисиз.

"Талибан" өз шарттарын өлкөдөн АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү чыгып, талибдер улам бир аймакты басып алып жаткан учурда коюп жатат.

Былтыр ооган өкмөтү менен "Талибандын" Дохадагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү башталар алдында 5000 талиб абактан бошотулган эле. Бирок бул сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыга элек.

Ахмад Надер Надери талибдерди өлкө аймагында өтө чоң кыйроолор үчүн айыптады. Анын маалыматы боюнча, соңку чабуулдара жалпы баасы 500 миллон долларлык 116 аймактагы өкмөттүн имараттары талкаланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG