Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:05

Токиодогу Олимп оюндарына кыргызстандык 17 спортчу барат


Олимпиадага жолдомо алган кыргызстандык спортчулар.
Олимпиадага жолдомо алган кыргызстандык спортчулар.

Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы Олимп оюндарына жолдомо алган жөө күлүк Юлия Андреева эл аралык мелдешке катышуудан баш тартканын билдирди.

Олимпиадага 17 спортчу: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Нурсултан Кеңешбеков, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Айаал Лазарев жана Денис Петрашов катышат.

Кыргызстандын курама тобунун капитаны - Атабек Азисбеков.

Министрлер кабинети алтын медал уткан спортчуга 10 миллион, күмүш алгандарга жети, ал эми коло байге алгандарга беш миллион сом сый акы берет.

Токиодо Олимпиада 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Мелдештер былтыр пандемиянын айынан кийинки жылга калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG