Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:54

Өзбекстанда имам вакцинаны кудайдын ырайымы катары кабыл алууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын мусулмандар башкармалыгынын жетекчи орун басары Хомижон Ишматбеков мусулмандар вакцинаны кудайдын ырайымы, өмүрдү коргой турган фактор катары кабыл алууга тийиш экенин билдирди.

Ал ошондой эле, "вакцина ар кандай белгисиз заттардан жасалары тууралуу" арыздар түшүп жатканын белгилеп, андай болсо дагы "заттын курамы бир абалдан экинчисине өткөндө өзгөрөрүн" жүйө кылды.

"Арам зат болсо дагы ал дарыга айланып жатканда курамы өзгөрөт. Ошондуктан буга көңүл буруунун кереги жок. Эгер адис аны дары катары жазып берсе, ал адал затка айланат деген бүтүмгө келдик", - деди Ишматбеков.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү 33 миллион калктын бир миллионго чукулу вакцинанын эки дозасын алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG