Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:33

Кыргызстан автожол салууга 2,5 миллиард доллар насыя алган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан ушул убакытка чейин автожолдорду куруу үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 2 миллиард 540 миллион доллар насыя алган. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев Жогорку Кеңештин 14-июлдагы жыйынында айтты.

Парламент депутаттары жол тармагына алынган насыялар өзүн актабай, жол салууда коррупция тыйылбай келатканын сынга алышты.

Кыргызстанда үчүнчү категориядагы бир чакырым автожолду реконструкциялоого 400-600 миң доллар, экинчи категориядагы жолго 1 - 1,5 миллион доллар кетет. Бир чакырым жаңы жолду курууга татаалдыгына жараша 2 миллион доллардан ашык каражат сарпталат.

Кыргызстан негизги жолдорду курууга насыянын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алган.

Өлкөдө Транспорт министрлиги эң коррупцияланышкан мамлекеттик органдардын бири катары бааланып келет. 2019-жылы транспорт жана жолдор министринин ошол кездеги орун басары Азимкан Жусубалиев 500 миң доллар пара талап кылган деп 14 жылга абакка кесилген.

Ушул тапта убактылуу депутаттык комиссия түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушун иликтеп жатат.

30-апрелге карата мамлекеттин жалпы карызы (ички жана тышкы карыз) 4 миллиард 933,6 миллион долларга жетти. Анын ичинен 4 миллиард 182,95 миллион доллар тышкы, 750,11 миллион доллар ички карыз. Каражаттын көбү энергетика жана жол тармагына алынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG