Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:13

Арсен Аваков кызматтан кетүү үчүн арыз жазды


Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков отставкага кетүү үчүн арыз жазды. Анын билдирүүсү министрликтин сайтына жарыяланды. Аваков командага ыраазычылык билдирген, бирок кызматтан кетүү чечимин түшүндүргөн эмес. Анын арызы 14-июлда Жогорку Радада каралат.

Арсен Аваков бул кызматка 2014-жылдын 27-февралында, ошол кездеги бийлик алмашкан учурда келген. Ал Петр Порошенко президенттиктен кеткенден кийин да министрлик ордунда калган.

Бирок ишмердиги көп сын-пикирлер менен коштолду. Полициянын ийгиликсиз реформасы, оппозициянын жана активисттердин артынан сая түшүү, резонанс жараткан адам өлүмдөрүнө байланыштуу кылмыш иштеринин ачылбай калышы өңдүү маселелерден улам ага коомчулукта көп нааразылыктар айтылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG