Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Архитектура агенттигине бир ай мурда дайындалган жетекчи иштен кетти


Президенттик админстрациянын имараты.
Президенттик админстрациянын имараты.

Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан өз арызы менен кетти. 13-июлда президент Садыр Жапаров аны бошотуу тууралуу жарлык чыгарганы расмий кабарланды. Калманбетов бул кызматка 8-июнда дайындалган болчу.

Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгына ылайык, анын ордуна Токтомамбет Сатышов директор болду.

Ачык булактардагы маалымааттарга таянсак, 64 жаштагы Токтомамбет Сатышов аталган агенттикте инвестициялык долбоорлор боюнча башкы инженер, Турак жай жана жарандык курулуш департаментинде улук ревизор болуп эмгектенген. Ошондой эле курулуш компаниясы бар. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG