Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:20

Олимпиадада алтын медал уткан спортчуга 10 млн. сом сый акы берилет


Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргызстандын курама командасынын капитаны Атабек Азисбековго Кыргызстандын желегин тапшырды.
Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргызстандын курама командасынын капитаны Атабек Азисбековго Кыргызстандын желегин тапшырды.

Кыргызстандык спортчулар Токиодо өтө турган XXXII жайкы Олимп оюндарында алтын медал утса 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло медалга беш миллион сом сый акы берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 13-июлда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы менен жолукканда айтты.

Ал эми спортчулардын башкы машыктыруучуларына спортчулардын ийгилигине жараша каражат берилет. Андан тышкары медицина кызматкерлерине да акча каралган.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Улукбек Марипов Олимп оюндарында Кыргызстандын курама командасынын капитаны грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековго Кыргызстандын желегин тапшырды.

Жайкы Олимпиадага 18 кыргызстандык спортчу жолдомо алган. Эл аралык беттешке Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Узур Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов, Айаал Лазарев жана Нурсултан Кеңешбеков барат.

XXXII Жайкы Олимп оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтөт. Ага 200гө жакын улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү катышары күтүлүүдө. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG