Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Аксыдагы селден алты адам каза болду


Издөө иштери жүрүп жатат. 13-июль, 2021-жыл.
Издөө иштери жүрүп жатат. 13-июль, 2021-жыл.

Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде алты киши каза болду. Дагы эки адам изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Арасында эки бала да бар.

Түндө эки эркектин жана төрт аялдын сөөгү табылган. Алардын тек-жайы такталып жатат.

Көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Абдулнасир Закиров билдирди. (TB)

Издөө иштери жүрүп жатат. 13-июль, 2021-жыл.
Издөө иштери жүрүп жатат. 13-июль, 2021-жыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG