Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Болгарияда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылууда


Болгариянын өкмөт башчысы Бойко Борисов
Болгариянын өкмөт башчысы Бойко Борисов

Болгарияда бюллетендердин 95% эсептелген соң премьер-министр Бойко Борисов жетектеген «Жарандардын Европалык өнүгүүсү үчүн (ГЕРБ) партиясы менен “Ушунда эл бар” (ITN) партиясы куйрук улаш келе жатат. Бийликчил ГЕРБ 23,91% добуш алса, ырчы жана алып баруучу Слави Трифонов жетектеген партия 23,66% добушка ээ болгон. Өлкөдөгү сурамжылоо борборлору бардык добуштар эсептелгенде “Ушундай эл бар” партиясы алдыга чыгышы мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

Ал эми үчүнчү болуп Болгариянын Социалисттик партиясы 13,6%, либералдар түзгөн Демократиялык партия 13% жакын добуш алды.

Этникалык түрктөр түзгөн “Эркиндик жана укук үчүн” партиясына 10% ашык шайлоочу добуш бергени белгилүү болду.

Болгарияда быйыл экинчи жолу парламенттик шайлоо өтүүдө. Быйыл апрелде өткөн шайлоодо бир да партия көпчүлүк добушту албай, коалициялык өкмөт түзүлбөгөнү үчүн кайрадан шайлоо жарыяланган эле.

61 жаштагы Бойко Борисов ГЕРБ партиясы 2009-жылкы шайлоодо жеңип чыккандан бери болгар саясатында үстөмдүк кылып келген.

Бирок жемкорлуктун айынан жана Борисовдун коронавирус пандемиясы менен күрөштөгү ишмердиги чабал болду делген баалардан улам бийликтеги партияны колдогондордун саны суюлуп кетти.

Былтыр жайында он миңдеген демонстранттар көчөгө чыгып, жемкорлукка каршы жана ГЕРБ партиясынын атаандаштарын бутага алуу үчүн өкмөт сот бийлигин пайдаланган деген айың кептерден улам азыркы бийликке нааразылык билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG