Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:39

Ташиев: УКМК кызматкерлерине "шериктердин жардамында" үй курулууда


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Жалал-Абадда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлерине 205 батирлүү үй салынууда.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев үйдүн пайдубалын куюуга катышып, имарат "шериктердин" жардамында, "чоң саясаттын негизинде" курулуп жатканын айтты. Ташиевдин ушундай сөзү жазылган бир мүнөттүк тасманы 11-июлда мамлекеттик ЭлТР каналы көрсөттү. Бирок үй куруп жаткан өнөктөштөр ким экени тууралуу маалымдалган жок.

Ташиев үйдүн он батири колу жука үй-бүлөлөргө берилип, калганы УКМК кызматкерлерине жана чек арачыларга бөлүнөрүн белгиледи. "Азаттык" азырынча атайын кызматтан үйдүн чоо-жайын тактай алган жок.

Февралда УКМК кызматкерлерине Бишкек шаарына турак жай салуу үчүн 580 миллион 935 миң сомго сынак жарыяланган. Буга чейин баш калаада, Ошто жана Караколдо атайын кызматтагыларга үй салынган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG