Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Ош: "Ата Журт-Кыргызстан" партиясы алдыда келе жатат


Оштогу шайлоо тилкелеринин бири.
Оштогу шайлоо тилкелеринин бири.

Ош шаардык кеңешине ат салышкан партиялардын арасынан "Ата Журт - Кыргызстан" алдыга чыкты. Бул кечки саат тогузга карата расмий маалымат. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы эсеби төмөнкүчө:

-"Ата Журт - Кыргызстан" - 38,80%;

-"Биздин Кыргызстан" - 31,69%;

-"Улуттар биримдиги" - 15,42%;

- "Бир бол" - 8,72%.

Шаардык кеңеште 45 мандат бар. Ага сегиз партия ат салышты.

7% чектен ашкан партиялар шаардык кеңешке келет.

Ош шаарында 153 миңдей шайлоочу катталган. Саат 18:00гө карата алардын 40% жакыны добуш берген. Андан кийин эсеп жаңыртыла элек.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолгону тууралуу милицияга бир катар арыз жазылды.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана 11-июлга кайра шайлоо дайындалган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG