Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Бишкекте добуш сатып алууга шектүүлөр кармалды


Бишкектеги кайра шайлоо. 11-июль, 2021-жыл
Бишкектеги кайра шайлоо. 11-июль, 2021-жыл

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдиргендей, кармалгандардын жанынан 20 миң сом табылды. Макилов канча адам кармалганын тактаган жок.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө-иликтөө уланып жатат.

Милициянын маалыматына ылайык, добуш сатып алууга байланыштуу Бишкекте 11, шайлоочуларды ташуу тууралуу үч арыз түшкөн. Токмокто болсо шайлоодогу мыйзам бузуу тууралуу тогуз, ал эми Ошто беш билдирүү алынган. Алардын айрымдары кылмыштын курамы жок деген негизде иликтенген эмес.

Мунун алдында шайлоого байкоо жүргүзгөн "Жалпы иш" коомдук фонду добуш берүү күнү түшкө чейин Бишкек менен Ош шаарларында мыйзам бузулган 22 учур катталганын билдирген. Уюм Токмок шаарында мындай факты болбогонун маалымдаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы үч шаардагы кайра шайлоого саат төрткө чейин 132 139 адам (21,40%) катышканын билдирди.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG