Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:28

“Жалпы иш” Бишкек менен Ошто шайлоодо 22 мыйзам бузуу каттады


Оштогу кайра шайлоо.
Оштогу кайра шайлоо.

Шайлоого байкоо жүргүзгөн "Жалпы иш" коомдук фонду добуш берүү күнү түшкө чейин Бишкек менен Ош шаарларында мыйзам бузулган 22 учур катталганын билдирди. Уюм Токмок шаарында мындай факты болбогонун маалымдады.

"Жалпы иштин" маалыматына ылайык, Бишкекте алты добушкананы ачууда эреже сакталган эмес, добуш берүүнүн купуялуулугу бузулган төрт, добуш сатып алууга аракет жасалган эки учур болгон. Уюм саясий партиянын өкүлдөрү шайлоочулардын тизмесин көзөмөлдөгөн бир учурду каттаган.

Ошто аталган фонд беш шайлоо участкасы эреже-талапты бузуу менен ачылганын билдирди. Партиялардын өкүлдөрү шайлоочулар тизмесин көзөмөлдөгөн эки факты катталды. Эки добушканада чоочун адамдар болгон.

Ош милициясы шайлоого байланыштуу түшкө чейин мыйзам бузуу катталбаганын билдирген. Ички иштер министрлиги Бишкекте добуш сатып алуу фактылары иликтенерин кабарлаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы саат экиге карата үч шаардагы кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 17,06%, тактап айтканда, 105 363 адам катышканын билдирди.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG