Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Депутат Никитенко Ташиевдин билдирүүсүн сындады


Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бийликти сындагандарга эскертүүсү боюнча пикирин билдирди. Эл өкүлү “Фейсбуктагы” баракчасына “биздин өлкөдө элди коркута албайсың” деп жазды.

“Тажрыйбалуу саясатчы Камчыбек Ташиевдин ушундай сөздөрдү айтканы өкүнүчтүү. Элди, массалык маалымат каражаттарын, блогерлерди жана саясатчыларды коркутуу учурда биздин өлкөдө мүмкүн эмес. Буга чейин дагы аракет кылышкан. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана анын туугандары, балдары, Атамбаев, Жээнбеков баарыбыздин эсибизде”, - деди депутат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында айрым жарандарды жана саясатчыларды бийликти сындаганы үчүн айыптады жана аларга чара көрүлүшү мүмкүн экенин эскертти. Ал "азыркы бийлик мындан ары революцияга жол бербейт" деп айтты.

Камчыбек Ташиев былтыр парламенттик шайлоодогу нааразылыктан улам тутанган, бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынан кийин УКМКнын төрагасы болуп дайындалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG