Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Москвага келди


Москва шаары.
Москва шаары.

Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнөн турган делегация Орусиянын баш калаасы Москвага келди. Бул тууралуу Орусиянын "Интерфакс" жана "ТАСС" сыяктуу бир катар мамлекеттик маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

"Интерфакс" агенттигинин булактары талибдер Москвада кимдер менен жолугарын так айткан эмес. Талибдердин өкүлү Мохаммад Сохаил Шахин Москвада орус тарап менен Ооганстандагы кырдаалды талкуулай турганын "ТАСС" агенттигине билдирген.

Ошондой эле "ТАСС" орусиялык расмий өкүлдөр талибдердин тажик-ооган чек арасындагы аймактарга чабуул койбоо тууралуу убадасын алганын кабарлады.

Америкалык аскерлер Ооганстандан чыга баштагандан бери талибдер бир катар ооган райондорун, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарды басып алды.

"Талибан" менен ооган күчтөрүнүн ортосундагы куралдуу кармаштардан улам соңку апталарда миңден ашуун ооганстандык аскерлер жана жайкын тургундар Тажикстанга кире качты.

Буга чейин орус бийлиги Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Тажикстанга жардам көрсөтүлө турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG