Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Ташиев Кумтөр боюнча мамлекетке 1 млрд. сом чыгым келгенин билдирди


Кармалган саясатчылар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Талант Узакбаев, Исхак Пирматов (солдон оңго). Алардын Кумтөрдү мамлекетке алуу маселеси талкууланган жыйындагы сүрөттөрү. 2012-жыл.
Кармалган саясатчылар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Талант Узакбаев, Исхак Пирматов (солдон оңго). Алардын Кумтөрдү мамлекетке алуу маселеси талкууланган жыйындагы сүрөттөрү. 2012-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр ишине байланыштуу камалгандардын кылмыш ишинде мамлекетке чыгым 1 млрд. сом деп эсептелгенин билдирди.

“Кумтөр долбоору боюнча келишимде мамлекет 1 млрд. сом зыян тарткан. 2012-жылы өлкөнүн кызмат адамдары Узакбаев, Зулпукаров, Жээнбеков, Пирматов, Бабанов канадалык “Центера Голд” компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып ушундай чыгым келтиришкен”.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда маалымат жыйында билдиргендей, быйыл коррупция, мыйзамсыз баюу жана кызматтык кылмыш боюнча 304 кылмыш иши козголуп, мамлекеттик казынага жалпы 6 млрд. сом өндүрүлгөн.

УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынды. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыкты.

Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар күбө катары көрсөтмө берди.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

31-майда “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылганы белгилүү болгон.

7-июлда Centerra Gold Inc. компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы арбитраж сотуна кошумча арыз жазганын кабарлады. Компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө доо арыз “Центерранын” ири акционери “Кыргызалтын” ишканасына каршы жазылганы айтылат.

“Центерра” “Кыргызалтын” кенге ээлик кылуу үчүн Кыргызстандын өкмөтү менен жең ичинен сүйлөшүп алган деп эсептейт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG