Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Олимпиада: Азисбеков Кыргызстандын курама тобуна капитан болду


Токиодо жайкы Олимп оюндары былтыр коронавирус пандемиясынын айынан болбой калган.
Токиодо жайкы Олимп оюндары былтыр коронавирус пандемиясынын айынан болбой калган.

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков Токиодогу жайкы Олимп оюндарында Кыргызстандын курама командасынын капитаны болду. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитети кабарлады.

Эл аралык таймашта Азисбеков 87 килограммга чейинки салмактагы балбандар менен күрөшөт.

Атабек 2019-жылы 16-сентябрда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 87 килограммга чейинки салмакта 5-орунду ээлегени үчүн олимпиадалык жолдомонун ээси болгон.

Азисбеков кадеттер арасында Азия чемпиону (2012-жыл). Кадеттер арасында Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2012-жыл). Чоңдор арасында Азия чемпионатында эки жолу (2015-2017-жылдар аралыгында) күмүш байге уткан. 2017-жылы Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) өткөн жабык имаратта өтүүчү 5-Азия оюндарынын күмүш медалын тагынган.

Жайкы Олимпиадага 17 кыргызстандык спортчу жолдомо алган. Эл аралык беттешке Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Узур Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов жана Айаал Лазарев барат.

Токиодо Олимпиада 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Мелдештер былтыр коронавирус пандемиясынын айынан бир жылга жылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG