Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Орусия Эстониянын консулунан өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусия Эстониянын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулу Март Ляттени "персона нон-грата" деп жарыялап, андан 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 7-июлда билдирди.

Орус тарап эстон дипломатын "жашыруун документтерди топтогон" деп айыптап жатат. Буга чейин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Лятте 6-июлда кармалганын билдирип, дипломат кимден, кандай документтерди алганын тактаган эмес.

Эстониянын Тышкы иштер министрлиги муну "атайын уюштурулган", "мыйзамсыз жана чагымчыл" аракет катары мүнөздөп, Орусия Европа Биримдиги менен каршылашууну каалай турганын дагы бир жолу далилдегенин билдирген.

Соңку жылдары Орусиянын Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Балтика боюндагы Эстония, Латвия жана Литва менен мамилеси кескин начарлап кетти. Буга Москванын коңшуларына жасаган агрессивдүү саясаты, шайлоолорго кийлигишкени, мамлекет колдогон хакердик чабуулдар жана Орусиянын өзүндөгү укук бузуулар себеп болгону кабарланып келет.

Быйыл Кремль эки жолу эстон дипломаттарын өлкөдөн чыгарды. Буга Эстониянын ушуга окшош чечимдери себеп болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG