Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Шаршеев: Инанды жоголгондон бери бардык учактар текшерилди (видео)


Уларбек Шаршеев.
Уларбек Шаршеев.

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев парламентте Түркияга жашыруун чыгарылып кеткен Орхан Инандыга байланыштуу маалымат берип жатып, бардык учактар текшерилип жатканын билдирди.

“Бизде жүк катары же башкача алып кеттиби маалымат жок. Бирок, 1-июндан баштап учуп келген учактарды жана жарандарды дыкат текшерүү жөнүндө тапшырма коюлган. Орхан Инандыга байланыштуу адамдардан түшкөн маалыматты текшерип жаттык”, - деди Шаршеев.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын угуп жатат.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, төрт жолу президент Жапаровго кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG