Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:56

Кытайдан бир миллион дозадан ашык вакцина ушул аптада келет


Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан дагы вакцина алган.
Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан дагы вакцина алган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ушул аптада Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алынып келерин билдирди. Анын 150 миңин Бээжин жардам ирээтинде бекер берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алган.

“Андан сырткары азыркы тапта дагы ушунча өлчөмдөгү кошумча вакцина сатып алуу жагы каралып жатат”,-деди Бакашова.

Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан дагы вакцина алган.

COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган, бирок анын датасы белгисиз.

Буга чейин Ourworldindata.org сайты дүйнөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарган. Анда Кыргызстан вакцина жараяны начар жүргөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, 160-орунга жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG