Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

ФСБ: Санкт-Петербургда Эстониянын консулу кармалды


Санкт-Петербург шаары.
Санкт-Петербург шаары.

Санкт-Петербург шаарында Эстониянын консулу Март Лятте жабык материалдарды алуу учурунда кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) коомчулук менен байланыш борбору билдирди.

Билдирүүдө дипломатка карата эл аралык укуктук ченемдердин чегинде чара көрүлө турганы айтылат.

"Бул ишмердик дипломатиялык кызматкердин макамына шайкеш келбейт жана Орусияга карата ачык душмандык мүнөзгө ээ", - деп жазылган ФСБнын билдирүүсүндө.

Эстониянын тышкы иштер министрлиги Санкт-Петербург шаарындагы консулунун кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Эл аралык ченемдерге ылайык, дипломаттар иштеген өлкөлөрдө кол тийбестик укукка ээ. Бирок алардын мыйзам бузуу фактылары же душмандык аракеттери аныкталса аталган өлкөдө жүрүү укугу чектелет. Башкача айтканда аталган дипломат "персона нон-грата" деп жарыяланып, өлкөнүн аймагынан чыгарылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG