Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Адвокат Токтакунова: Рейхан Инанды өзүн начар сезип жатат


Рейхан Инанды 5-июлда өзү жалгыз пикетке чыккан.
Рейхан Инанды 5-июлда өзү жалгыз пикетке чыккан.

Бул тууралуу Орхан Инандынын үй-бүлөсүнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, Рейхан Инанды күйөсүн Түркиянын атайын кызматы Кыргызстандан алып кеткенин билип, анын арып-азган, бир колу шишиген сүрөтүн көргөндөн кийин дароо өзүн жаман сезе баштаган. Мындан улам түндө "Тез жардам" кызматы чакырылган.

Адвокат эл аралык нормаларга ылайык, Кыргызстандын жараны мекенине кайтарылышын жана бул окуянын териштирилишин талап кылды.

Кыргызстандын бийлиги Инандыга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Ал Инандыны "ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү" деп атады жана аны алып келүү чалгынчылардын "сабырдуу иш-аракеттеринин" негизинде" ишке ашканын билдирген.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG