Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:54

Байден америкалыктарды вакцина алууга чакырды 


АКШнын желеги. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын желеги. Иллюстрациялык сүрөт.

4-июлда, АКШнын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда өлкө президенти Жо Байден америкалыктар мындан ары коронавирустан көз карандысыз экенин билдирди. Ошол эле учурда коронавирус али жеңиле электигин айтып, мекендештерин атуулдук кылып, вируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Ак үйдө миңге жакын адам катышкан иш-чарада сүйлөп жатып президент:

"АКШ коркунучтуу вирустан эгемендигин жарыялачу күнгө аз калды",- деди.

Ак үйдөгү эгемендик күнүн майрамдоого арналган салтанатка медицина кызматкерлери жана башка пандемия менен күрөшүүдө күжүрмөндүк көрсөткөн миңге жакын адам катышты.

АКШда коронавируска каршы эмдөөдөн 180 миллиондон ашуун адам өттү. Бул өлкө элинин 67 пайызын түзөт.

АКШ быйылкы Эгемендик күнүн COVID-19дун жайылышы басаңдап, пандемияга байланыштуу чектөөлөр жумшартылган шартта белгиледи.

Былтыр коронавируска байланыштуу катаал эрежелерден улам АКШдагы дээрлик бардык майрамдык иш-чаралар токтотулган болчу. Кошмо Штаттарда пандемия башталгандан бери 33 миллиондон ашуун жаран коронавирусту жугузуп алса, алардын 605 миңи көз жумду.

Соңку айларда эмдөө жараяны тездегендиктен коронавирустун жайылуу темпи басаңдап, илдеттен көз жумгандардын саны да азайды. Ишканалар, ресторандар кайра ачылып, америкалыктарга саякаттоого уруксат берилди.

4-июль - АКШнын Эгемендик күнү. 1776-жылы бул күнү өлкө эгемендүүлүгү тууралуу декларация кабыл алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG