Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:08

АКШ Эгемендик күнүн COVID-19 басаңдаган шартта белгилеп жатат


Нью-Йорктогу Эгемендик күнүндө уюштурулган иш-чаранын катышуучулары. 4-июль, 2021-жыл.
Нью-Йорктогу Эгемендик күнүндө уюштурулган иш-чаранын катышуучулары. 4-июль, 2021-жыл.

Кошмо Штаттар быйылкы Эгемендик күнүн COVID-19дун жайылышы басаңдап, пандемияга байланыштуу чектөөлөр жумшартылган шартта белгилеп жатат. 4-июлда АКШнын президенти Жо Байден Ак үйдө 1 миң адам чакырылган майрамдык иш-чарага катышат. Анын алкагында барбекю (шишкебек) бышырылып, аягында фейерверк атылат.

Былтыр коронавируска байланыштуу катаал эрежелерден улам АКШдагы дээрлик бардык майрамдык иш-чаралар токтотулган болчу. Кошмо Штаттарда пандемия башталгандан бери 33 миллиондон ашуун жаран коронавирусту жугузуп алса, алардын 605 миңи көз жумду.

Соңку айларда эмдөө жараяны тездегендиктен коронавирустун жайылуу темпи басаңдап, илдеттен көз жумгандардын саны да азайды. Ишканалар, ресторандар кайра ачылып, америкалыктарга саякаттоого уруксат берилди.

"Жекшемби күнү биз улут катары Эгемендик күнүбүздү, ошондой эле вируска каршы прогрессти белгилейбиз", - деп билдирген 2-июлда президент Байден.

Ал 4-июлга чейин АКШдагы чоңдордун 70 пайызы коронавируска каршы вакцинанын кеминде бир дозасын алат деп убада берген эле. Бирок өкмөттүн эсебине ылайык, айрым жарандар эмдөөдөн өтүүнү каалабай жаткандыктан азыр бул сан 67 пайызды гана түзүп жатат.

Бирок коронавирустун дүйнөнүн башка аймактарында тездик менен жайылып жаткан "Дельта" варианты АКШны да тооруп турат. Америкалык адистер эмдөөдөн өтпөгөн аймактар вирустун жаңы очогуна айланышы мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG