Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Жогорку Кеңеш июль айында кезексиз жыйындарын өткөрөт


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин депутаттары 5-июлдан 30-июлга чейинки аралыкта ар шаршемби жана бейшемби күндөрү кезексиз отурумдарга чогулат. Мындай буйрукка парламенттин төрагасы Талант Мамытов 2-июлда
кол койду. Кезексиз сессияны уюштуруу Жогорку Кеңештин аппаратына жүктөлдү.

Кезексиз жыйындар мамлекеттик органдардын жаңыдан ишке кирген Конституциянын негизинде толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу жана колдонуудагы мыйзамдарды жаңы Баш мыйзамга ылайык келтирүү максатында өткөрүлмөкчү.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сегизинчи сессиясы 30-июнда ишин аяктаган. Бул сессияда парламент 131 мыйзам, 615 токтом кабыл алды. Министрлер кабинетинин, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын жылдык отчеттору угулуп, жарандардын 13393 кайрылуусу каралган.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат. Парламент сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө ишин баштайт.

2020-жылы 4-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болуп, жаңы парламент келмек. Шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык элдик толкундоолорго айланып, бийлик алмашкан. Андан кийин парламент жалпы чечим менен кийинки чакырылышка чейин ишин улантууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG