Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

COVID-19: Акыркы суткада сегиз киши каза тапты


Коронавирусту дарылоочу ооруканалардын бири. Бишкек шаары. Июнь, 2021-жыл.
Коронавирусту дарылоочу ооруканалардын бири. Бишкек шаары. Июнь, 2021-жыл.

Коронавируска каршы республикалык штабдын 3-июлга карата берген маалыматына ылайык, акыркы суткада 1352 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү Бишкекте (803). Ал эми Ош шаарында 42, Чүйдө 189, Ошто 67, Таласта 29, Нарында 24, Ысык-Көлдө 37, Баткенде 81 кишиден аныкталган.

Ушуну менен жалпы өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 129 232 кишиге жетти. 111 934 бейтап оорудан сакайды.

Коронавирустан акыркы суткада 8 адам жарык дүйнө менен кош айтышты. Анын ичинде төрттөө Бишкектен, экөө Чүйдөн, Ош шаарынан жана Жалал-Абад облусунан бирден бейтап көз жумду. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 2027 кишиге жетти.

Ушул тапта ооруканаларда 3864 бейтап дарыланууда. Алардын 174үнүн абалы өтө оор, 1097 адамдын абалы оор, 2514 адамдын абалы орточо оор деп бааланууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG