Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Гавайиде жүк ташыган "Боинг" учагы кулады


Учактын "кара кутучасы"
Учактын "кара кутучасы"

"Боинг-737" үлгүсүндөгү жүк ташыган учак Тынч океанга кулады. Учак АКШнын Гавайи штатындагы Гонолулу аэродромунан учуп чыккандан көп өтпөй кырсыкка учураган.

Маалымат каражаттары учактын кыймылдаткычтары иштебей калганын жазышууда. Учактын эки учкучу сууга түшүп, аман калганы кабарланды.

АКШнын авиациялык мекемеси учкучтар Гонолулудагы аэродромго кайтууга аракет кылып, бирок сууга авариялык конууга аргасыз болгонун билдирди. Учкучтарды суудагы куткаруучулар аман алып чыгышкан. Кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG