Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:13

Орхан Инандынын жубайы президентке үчүнчү ирет кайрылды


Рейхан Инанды. Бишкек. Июнь, 2021-жыл.
Рейхан Инанды. Бишкек. Июнь, 2021-жыл.

“Сапат” билим берүү мекемелеринин президенти, бир айдан бери табылбай жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды мамлекет башчы Садыр Жапаровго үчүнчү ирет видео кайрылуу жасады. Ал күйөөсүнүн жоголгонуна бир ай болгонун белгилеп, аны табууга жардам берүүнү президенттен өтүнгөн.

“Мен төрт балам менен бир айдан бери көз ирмебей, күнү-түнү, чоң үмүт менен күтүп жатабыз. Сиз журт атасы катары биз сизге таянабыз, ишенебиз, бизге жардам бериңиз. Атабызды табуу боюнча укук коргоо органдарына берген тапшырмаңыздын жакшы жыйынтыгын талап кылууңузду күтөм. Балдарымдын атасы үйгө эсен келсин”, - деди Рейхан Инанды.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды бир ай мурун, 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз. Инандынын тарапкерлери анын табылышын талап кылып, эки жумадан ашуун тынбай акцияларды өткөрүп турушту.

Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон, Интерполго да кабар берилгени айтылган. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Расмий маалыматтар боюнча, Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыккан эмес. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн издөөгө жардам сурап Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жазганын, бирок аны кабыл албай коюшканын адвокаты 15-июнда билдирген.

Теги түркиялык Орхан Инанды - Кыргызстандын жараны. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кантип жарандык алганы иликтенип жатканын маалымдаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG