Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:43

АКШнын мамкатчысы өзбек жана тажик тышкы иштер министрлери менен жолукту


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуу учурунда. 1-июль, 2021-жыл
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуу учурунда. 1-июль, 2021-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 1-июлда Өзбекстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн эң башкы темасы Борбор Азиядагы бул эки өлкө менен чектешкен Ооганстандагы соңку кырдаал жөнүндө болду. Учурда ооган жергесинен аскерлерин чыгарып жаткан Кошмо Штаттар Борбор Азиядан өнөктөш издеп жатат.

Вашингтондогу жолугушуу талибдер Ооганстандагы улам бир районду ээлеп жаткан чакта өттү. Ушундан улам эл аралык күчтөр чыгып кеткен соң Кабулдагы Батыш колдогон борбордук бийлик кырдаалды колдон чыгарабы деген чочулоо жаралууда.

“Талибан” Ооганстандын түндүгүндөгү Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш бир нече районду басып алды. Тажик бийлиги кырдаал күчөсө качкындар көбөйүшү мүмкүн экенин божомолдосо, Өзбекстан өткөн аптадан тарта аскердик машыгууларды баштаган.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазил Камилов менен жолугушууда мамкатчы Блинкен “Чөлкөмдөгү коопсуздук, айрыкча Ооганстандагы кырдаал жөнүндө сөз болгондо биздин олуттуу жалпы кызыкчылыгыбыз бар” деп билдирди.

Ал эми тажик башкы дипломаты Сирожиддин Мухриддин менен жолугушууда да аймактагы коопсуздук маселеси талкууланды. Эки тарап “Ооганстандагы кырдаалды адилет жана бекем жөнгө салуу, чөлкөмдөгү экономикалык өсүш жана интеграцияга өбөлгө болорун” белгилешкен.

Соңку аптада The New York Times жана The Wall Street Journal баштаган бир нече маалымат каражаты Кошмо Штаттар Ооганстандан аскерлердин бир бөлүгүн Өзбекстан жана Тажикстандын аймагында жайгаштырууну көздөйт деп жазып чыккан. Мындай жол менен АКШ Ооганстандагы коопсуздукка көз салып турунуу мерчемдеп жатат.

20 жылдан бери Ооганстанда террорчулукка каршы күрөшүп келген АКШ баштаган коалициялык күчтөр май айынан тарта аскерлерин чыгарып жатат. Кошмо Штаттардын бийлиги 11-сентябрга чейин өз жоокерлерин ооган жергесинен чыгарарын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG