Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:37

COVID-19: Жаңы аныкталгандар "кара июлдагы" көрсөткүчтөргө жетти


Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 1485 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен он адам каза болду. Бул тууралуу 2-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Каза болгондордун алтоо Бишкек шаарынын, экөө Баткен облусунун тургундары. Жалал-Абад менен Талас облустарынан бирден киши көз жумду.

Жаңы катталгандардын көбү Бишкек шаарына (923), Чүй облусуна (165) жана Ош облусуна (109) туура келет. Калган облустарда 100гө чейинки учурлар катталды.

Өлкөдө былтыр июндун акырында жана июлдун башында ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны дароо эселеп өсүп кеткен. Ал кездеги жоготуулар "кара июль" деген аталыш менен элдин эсинде калган. Эң жогорку көрсөткүч катары 2020-жылдын 15-июлунда 85 адам каза болгону, 19-июлунда илдет бир суткада 1485 кишиден табылганы айтылып жаткан.

2021-жылдын 30-июнунда бир суткада 1965 кишиден вирус жаңы аныкталып бул көрсөткүчтөн ашкан, 2-июлдагы көрсөткүч аны менен тең болду.

2-июлга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 571 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 127 миң 880 кишиге жукту. Анын 111 миң 269у айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 2019 адам кайтыш болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG