Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Саясатчы Молдокматов 6-сентябрга чейин камакта калды


Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары Бишкек шаардык сотунун алдында. 1-июнь, 2021-жыл.
Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары Бишкек шаардык сотунун алдында. 1-июнь, 2021-жыл.

Бүгүн, 1-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасын карап, аны 6-сентябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу адвокат Урмат Сыдыков маалымдады. Анын айтымында, актоочу тарап райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанат.

Буга чейин Молдокматов Биринчи май райондук сотунун чечими менен 6-июлга чейин №1 тергөө абагында камакка алынган. Бул чечимди кийин Бишкек шаардык соту дагы өзгөрткөн эмес. Жактоочулар бөгөт чарасын үй камагына алмаштыруу боюнча шаардык сотко арызданган.

Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. Ага былтыр октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине койгон.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG