Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Музыка изилдөөчү, журналист Балбай Алагушев дүйнө салды


Балбай Алагушев. Бишкек. 2008-жыл.
Балбай Алагушев. Бишкек. 2008-жыл.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, публицист, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциклопедист, адабиятчы, сынчы, жыйноочу, радио-теле журналист Балбай Алагушов 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Алагушев “Кыргыз музыкасы" энциклопедиясынын жана башка алтымышка жакын китептин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын автору.

1997-жылдан 2011-жылга чейин “Эркин Европа-Азаттык” радиосунун Бишкектеги бөлүмүндө штаттан тышкары кабарчысы болуп иштеди. Ал “Талант тагдыры”, “Күүлөр баяны”, “Ырдап кой” аттуу музыкалык түрмөктөр аркылуу угармандарга залкар шайырлар жөнүндөгү баяндамаларды, эскерүүлөрдү, ыр-күүлөрдүн тарых-таржымалы тууралуу айтып берип турган.

Балбай Алагушов 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG