Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Парламент БШКнын жаңы курамын шайлады


БШКнын жаңы шайланган мүчөлөрү. 30-июнь, 2021-жыл.
БШКнын жаңы шайланган мүчөлөрү. 30-июнь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңеш 30-июндагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңы курамына сунушталып жаткан талапкерлерди 101 добуш менен колдоп берди.

28-июнда президент Садыр Жапаров “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол койду. Ага ылайык БШКнын 12 мүчөсүнүн жарымын президент, калган алтоону Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт.

БШКнын жаңы мүчөлөрү болуп президенттин квотасынан Нуржан Шайлдабекова, Марс Наспеков, Анар Дубанбаева, Нурлан Койчукеев, Акбалык Жумалиева, Айдана Жупуева шайланды. Ал эми КСДП фракциясынан Узарбек Жылкыбаев, "Республика - Ата Журт" фракциясынан Кайрат Маматов, “Бир бол” фракциясынан Абдыжапар Бекматов, “Ата Мекен” фракциясынан Искендер Гаипкулов, "Кыргызстан" фракциясынан Акылбек Эшимов, "Өнүгүү Прогресс" фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров шайланды.

Буга чейинки мыйзамга ылайык, Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн төртөөнү президент, калгандарын фракциялар сунуш кылчу. БШКнын ушул тапта иштеп жаткан курамы 2016-жылы шайланып келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG