Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Парламент кызматкерлеринен COVID-19 аныкталды, спикер ооруканада


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ден соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияда болуп, 28-июндан бери Иш башкармалыктын клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Парламенттин басма сөз кызматы спикердин абалы туруктуу экенин билдирди.

Маалымат боюнча, Жогорку Кеңештин аппаратынын 13 кызматкеринен анын ичинде төраганын кабылдамасында иштегендерден коронавирус аныкталган. Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлдү.

Кыргызстанда соңку күндөрү COVID-19 жуккан учурлар көбөйдү. 29-июнга карата өлкөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны 123 миңден ашып, анын 110 миңдейи сакайды. Оорудан 1 992 киши каза болду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG