Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Орусия оккупацияланган Крымда аскердик даярдыгын текшерди


Крым.
Крым.

Орусия оккупацияланган Крымда абадан коргонуу системасынын даярдыгын текшерди. Буга Украина менен АКШнын Кара деңизде өткөрүп жаткан эл аралык машыгуусу түрткү берди.

"Деңиз илеби" аттуу машыгууга 32 мамлекеттин күчтөрү катышып жатат. Алардын арасында Кара деңиздин боюндагы өлкөлөр жана НАТОго өнөктөш мамлекеттер бар. АКШнын деңиз флоту кабарлагандай, машыгууга беш миң аскер, 32 кеме, 40 учак жана атайын операцияларды өткөрүүчү 18 команда катышууда. 28-июнда башталган бул аскердик өнөктүк 10-июлга чейин созулат.

Эми Москва "Деңиз илеби" машыгуусуна жооп кылып, Крым аймагында абадан коргонуу системаларынын даярдыгын текшергени белгилүү болду. "Интерфакс" жаңылыктар агенттиги 29-июнда жазгандай, аймакта 20 учак жана тик учак, С-400 жана Панцирь-С үлгүсүндөгү бир нече абадан коргонуу системалары текшерүүдөн өттү.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылдын мартында аннексиялап алган. Москва бул кадамына Крымда өткөрүлгөн референдумду жүйө келтирген.

Бирок дүйнөнүн кеминде 100 өлкөсү Орусияга кошулуу тууралуу бул референдумду тааныган эмес. Ошондон бери Москва Украинанын чыгышында жикчил күчтөргө колдоо көрсөтүп жатат. Жети жылдан ашкан куралдуу кармаштардан баш-аягы 13 миң адамдын өмүрү кыйылды. Орус бийлиги жикчилдер менен мамилесин расмий таануудан баш тартып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG