Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Кыргызстан чек арада Тынчтыкты сактоо комиссиясын түзүүнү сунуштады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 29-июнь, 2021-жыл. Дүйшөмбү шаары.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 29-июнь, 2021-жыл. Дүйшөмбү шаары.

Президент Садыр Жапаров 29-июнда Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга билдирүү жасады.

“Биз бардык чек ара маселелерин чечүү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын аныктоо иштерин активдүү улантуу боюнча мындан аркы кадамдарды белгиледик”, - деди Жапаров.

Президент сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу болгонун айтты. Мындан тышкары, аймактагы коопсуздук жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо максатында эки өлкөнүн чек ара айылдарында жашаган аксакалдардан турган Тынчтыкты сактоо комиссиясын түзүү демилгесин көтөрдү.

Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен 28-июнда барып Эмомали Рахмон менен бейрасмий түрдө жолуккан. 29-июнда өлкө башчылары көзмө-көз, тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген форматтагы жолугушууда кыргыз-тажик чек арасын талкуулады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG