Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Жапаров менен Рахмондун сүйлөшүүсү алты сааттан ашты


Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон.

“Азаттыктын” тажик кызматы ("Озоди" радиосу) Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин сүйлөшүүсү алты сааттан ашык убактан бери уланып жатканын билдирди. Бул маалыматты тажик президентинин басма сөз кызматы дагы ырастаганын кабарлады.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун көзмө-көз сүйлөшүүсү аяктап, аяктабаганы жана кеңири чөйрөдө жолугушуу башталганбы же жокпу, азырынча белгисиз.

Тажик президентинин “Касри Миллат” сарайында жүргөн “Озодинин” кабарчысы Муллорожаб Юсуфинин билдиришинче, сүйлөшүү өтүп жаткан бөлмөгө эки тараптан тең аткаминерлер улам сайын ар кыл документтерди көтөрүп кирип чыгып жатышат.

Буга чейин Жапаровдун басма сөз кызматы ал тар чөйрөдөгү жолугушууда чек арадагы соңку куралдуу жаңжал эки өлкөнү сынаган окуя болгонун, мындан ары кайталанышына жол берилбеши керектигин айтканын билдирген.

“Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, - деген Жапаров.

“Азаттыктын” тажик кызматы анда Рахмон Кыргызстандын президентин Тажикстанга келгенин кубаттаганын, бирок чек арадагы жаңжал жөнүндө эч нерсе айтпаганын жазды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG