Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Аба ырайы: күн ысыйт


30-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунун жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36;

Баткенде түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн 19…21°, күндүз 35…37° ысык болушу күтүлөт.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 14…16°, күндүз 26…28° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG