Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Беш айда жол кырсыктан 233 киши каза болду


Иллистративдик сүрөт
Иллистративдик сүрөт

2021-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 2 768 жол кырсыгы катталып, 233 киши каза болду. 4000ден ашык киши жаракат алды. Бул сандар былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу дээрлик 50% көп.

Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырган.

Жол кырсыктарын азайтуу үчүн 2019-жылдан тартып Бишкек шаарында “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштаган.

“Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ишке ашырган орусиялык “Вега” компаниясы 35 миллион долларга Бишкек менен Чүйдөгү жолдорго 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Анын 90у стационардык, 20сы көчмө аппараттар. Кийинчерээк бул камералардын саны көбөйгөн.

2020-жылы өлкөдө алты миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 адам каза болгон. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG