Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:43

Франция: Макрон менен Ле Пендин партиялары утулду


Марин Ле Пен. Француз ультра-оңчулдардын лидери.
Марин Ле Пен. Француз ультра-оңчулдардын лидери.

Францияда өткөн жекшембиде аймактык шайлоонун эки айлампасы болуп өттү. Анын жыйынтыгында шайлоодон утуп чыгат деп көпчүлүк үмүт арткан, Марин Ле Пен жетектеген “Улуттук бирикме” деген ультра-оңчул партия жеңилип калды.

Аны менен бирге француз президенти Эммануэл Макрон баштаган “Алга, республика” партиясы дагы жеңилүү ызасын тартып, өлкөнүн континенталдык бөлүгүндөгү бир дагы аймакта шайлоочулардын колдоосуна ээ боло албады.

Ошентип, эки партия тең 2020-жылы өтө турган шайлоодо Франциянын аймактарына көзөмөл орното албай калышты.

Марин Ле Пен Түштүк аймакты 2022-жылы өтчү президенттик шайлоодо өзүнүн позициясын бекемдей турган аймак катары карап келген.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Марин Ле Пендин партиясы атаандаштарынан 10-15% артта калды.

Келерки жылы өтө турган президенттик шайлоонун репетициясы катары айтылып жаткан Франциядагы жергиликтүү шайлоолор ультра-оңчулдар үчүн ийгиликсиз аяктады.

Оппозициялык күчтөр - оңчул-центрист республикачылар менен Социалисттик партия чоң артыкчылыкка жетишти.

Эми Франциянын 12 аймагынын жетөө республикачылар, ал эми бешөө мурдагыдай эле социалисттер тарабынан көзөмөлгө алынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG