Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:57

Кыргызстан Түркмөнстандан газ, электр энергиясын алат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен бир катар документтерге кол коюлду.

Өлкө башчынын администрациянын маалыматына ылайык, биргелешкен бизнес долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимге кол коюлду.

Президенттер андан тышкары күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана курууну макулдашты.

Эки өлкөнүн министрлик, агенттик жана университеттери өз ара кызматташуу тууралуу ондон ашык документке кол коюшту.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов.

Садыр Жапаров Ашхабадга 27-июнда барып, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө, кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышкан.

Кыргыз президентинин Түркмөнстандагы расмий иш сапары 28-июнда аяктайт. Андан ары Жапаров 28-29-июнда Тажикстанга расмий сапар менен барат. Тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтык жана чек ара маселесин сүйлөшөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG