Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Ооганстандык 17 жоокер Тажикстанга качып өттү


Тажикстан. Артка чегинип, ооган-тажик чек арасынан өтүп келген өкмөттүк күчтөрдүн аскерлери.
Тажикстан. Артка чегинип, ооган-тажик чек арасынан өтүп келген өкмөттүк күчтөрдүн аскерлери.

Тажик бийлиги 27-июнь күнү кечке жуук өкмөттүк күчтөргө караштуу дагы 17 ооган аскери артка чегинип, чек арадан өтүп келгенин жарыялады.

«Озоди» радиосу Тажикстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме берип жазгандай, Ооганстандын Балх провинциясынын Шахритус районундагы талибдер менен салгылаштан соң артка чегинген 17 ооган чек арачысы курал-жарагы менен качып келген.

“Гуманитардык жана кошуначылык мамилени эске алуу менен тажик чек арачылары аргасыз качкындарды Тажикстандын аймагына өткөздү”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

22-июнда Ооганстандын Шерхан-Бандар чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин 134 ооган аскери артка чегинип, Тажикстандын аймагына башпаанек сурап кирип келген. Азыр алар каякта турганы белгисиз.

Өзбекстан болсо Ооганстан менен чектешкен Термез аймагынан качып кирген ооган аскерлерин артка кайтарды.

БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс 22-июнда талибдер өлкөнүн 370 районунун 50дөн ашуунун басып алганын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG