Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Жапаров түркмөн ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды


Кыргыз-түркмөн экономикалык форуму. 27-июнь, 2021-жыл.
Кыргыз-түркмөн экономикалык форуму. 27-июнь, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-июнда Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө барып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты.

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыджов мамлекет башчысына өлкөнүн газ өндүрүү, мунайды кайра иштетүү, химия өнөр жай тармактары, текстиль өнөр жайы, ошондой эле курулуш, айыл чарбасы, жер казынасын пайдалануу жана башка экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Президент кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземинде Кыргызстан инвесторлорго шарт түзүүгө көңүл бурарын айтып, Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында жана энергетика тармагында иш алып барган ишканаларын кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Кыргыз-түркмөн экономикалык форуму. 27-июнь, 2021-жыл.
Кыргыз-түркмөн экономикалык форуму. 27-июнь, 2021-жыл.

Садыр Жапаров түркмөн ишкерлерин Кыргызстанда приоритеттүү деп саналган жеңил өнөр жай тармактарында ишканаларды ачууга жана жергиликтүү ишкерлер менен тажрыйба алмашууга чакырды.

Кыргыз президенти Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына 27-июнда расмий иш сапары менен барды. Ал Түркмөнстанда 27-28-июнь күндөрү болот. Анын алкагында Жапаров түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эл аралык, регионалдык кызматташтыкты талкуулай турганы күтүлүп жатат.

Жапаров андан ары 28-29-июнда Тажикстанга расмий сапар менен барып, тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтык жана чек ара маселесин сүйлөшөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG