Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Исландия: калктын 87% эмделди, чектөөлөр алынды


Исландия.
Исландия.

Исландияда 26-июндан тарта коронавирустун жайылышын алдын алууга байланыштуу буга чейин киргизилген карантиндик чектөөлөрдүн бардыгы алынды.

Ага ылайык, коомдук жайларда беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана массалык иш-чараларга катышуучулардын санын чектөө сыяктуу чараларды карманууга эч кандай зарылдык жок экени жарыяланды.

Исландия пандемияга байланыштуу бардык чараларды жокко чыгарган Европадагы эң алгачкы өлкө болуп калды.

Бирок Исландияга чет өлкөлөрдөн кирип-чыгууга салынган тыюу алына элек.

“Биз көптөн бери умтулуп жаткан кадимки жашоого жана көндүм тартипке кайтып келе жатабыз”, – деди бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри.

Исландия пандемия башталгандан бери ири масштабдуу тестирлөөгө басым жасап, 330 миң калктуу бул өлкөдө ушул күнгө карата илдетти өз убагында аныктоо үчүн 750 миң тест жасалган.

Тестирлөө илдетти жугузуп алгандарды өз учурунда аныктап, аларды натыйжалуу обочолонтууга жетишкен. Ошентсе дагы карантинден баш тартууга мүмкүн болгон эмес.

Азыркы учурда Исландиянын калкынын 87% эмделип бүтүп, инфекцияны жугузуп алган учурлар бир жылдан бери жумасына ондон ашпайт.

Пандемия башталгандан бери Исландияда коронавирустан 30 адам каза тапты. Быйылкы жылдын башынан бери болгону бир учур катталган.

Исландия илдеттен көз жумгандардын саны боюнча акыркы орундарда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG