Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Орусияда коронавирустан каза болгондордун саны кескин өстү


Орусия
Орусия

Орусияда акыркы суткада коронавирустан 568 киши каза болуп, 20 182 миң адамдан жаңы аныкталды. Бул январдан берки эң жогорку көрсөткүч. Өлкөдө соңку күндөрү вирус жугузгандар кескин өсүп кетти.

Мындай кырдаал Орусияда коронавируска каршы эмдөө жакшы жүрбөй жаткан учурга туш келди. 23-июнга карата Орусиянын 146 миллион калкынын 14 пайызы гана вакцинанын биринчи дозасын, ал эми 11 пайызы экинчи дозасын алышты.

Учурда Орусиянын 14 аймагында мамлекеттик кызматкерлер, соода, саламаттык сактоо, билим берүү, ресторан жана башка тейлөө тармактарында иштегендерди сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүүнү милдеттендирди. Бул аймактарда ишканалардын жетекчилери жакынкы айларда персоналдын 60 пайыздан ашыгын вакцина менен камсыз кылышы керек.

Пандемия башталгандан бери Орусияда вирус 5,3 миллион адамдан аныкталса, 131 миңден ашууну анын кесепетинен каза болгону расмий кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG