Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:48

Кайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болду


Кайрат Осмоналиев
Кайрат Осмоналиев

Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Осмоналиев 48 жашта. Орусиянын Омск шаарындагы милициянын жогорку мектебин артыкчылык менен аяктаган. 1994-жылдан тарта укук коргоо органдарында, эл аралык уюмдарда ар түрдүү кызматтарды аркалаган.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болчу. 2010-2016-жылдары Дипломатиялык академиянын проректору болуп иштеген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG