Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:03

Марипов мамлекеттик нотариустардагы иш орундарын көбөйтүүнү сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов юстиция министри Асел Чыныбаеваны кабыл алып, мамлекеттик нотариустардагы узун кезекти сынга алды.

Марипов мунун чечүү жолу катары нотариустардын штаттык санын көбөйтүүнү же айрым милдеттерин менчик нотариустарга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылды.

“Бардык жерде кезек күтмөйлөр орун алууда. Бул маселе токтоосуз чечүүнү талап кылат. Эгер мамлекеттик нотариустардын айрым милдеттерин жеке менчик нотариустарга өткөрүп берүү мүмкүн болбосо, анда министрликтеги иш орундарын көбөйтүү керек”, - деди Марипов.

Өткөн жылы өкмөт нотариустардын бирдиктүү реестрин түзүп, "Электрондук нотариус" маалыматтык системасын ишке киргизген. Ал “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” трансформациялоо концепциясынын алкагында ишке ашырылганы кабарланган. Системаны ишке ашырууга министрликке бюджеттен 7,3 млн. сом бөлүнгөн.

Долбоор 20-сентябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарында тесттик режимде иштеген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG