Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:08

Ооган-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда


Оогандык аскерлер Тажикстанга качып киришти. Тажик-ооган чек арасы, 22-июнь 2021-жыл
Оогандык аскерлер Тажикстанга качып киришти. Тажик-ооган чек арасы, 22-июнь 2021-жыл

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу тажик атайын кызматы жана чек ара аймагындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 23-июнда билдиришти. Маалыматка караганда, бир күн мурда Тажикстанга жан сактай кире качкан ооган аскерлери Дүйшөмбүгө жеткирилип, андан ары мекенине кайтарылмакчы.

22-июнда ооган өкмөттүк армиясынын 100дөн ашуун жоокери Кундуз провинциясында талиб согушкерлери менен кармашып жатып, Тажикстанга чегинүүгө аргасыз болгон.

"Бир нече саатка созулган аткылашуудан кийин, чабуулга туруштук бере албай, Ооганстан куралдуу күчтөрүнүн 134 аскери "Пянж" заставасы аркылуу Тажикстандын аймагына чегинүүгө аргасыз болгон", - деп билдирген 22-июнда кошуна өлкөнүн Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети.

Билдирүүдө айтылгандай, тажик чек арачылары "гуманизм жана достук мамиле принцибине таянып, аскерлерге тажик жерине тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат беришкен".

Маалыматта ошондой эле, чек арага жакын жердеги салгылашууларда оогандык 100 чакты жоокер окко учуп жана туткунга алынганы айтылган.

22-июнда талибдер Тажикстан менен негизги чек ара өткөөлүн - Кундуз провинциясынын борборунан 50 километрдей жердеги Шерхан Бандар шаарчасын ээлешкен.

Сөз болгон чек ара пунктунан күнүнө бир миңдей машине өтөт. Анын негизги бөлүгү - Пянж дарыясында салынган 700 метрлик көпүрө 2007-жылы ачылган.

"Талибан" кыймылынын согушкерлери акыркы күндөрдө Ооганстандын түндгүндө чабуулдарын күч алдырып, бир нече райондорду өздөрүнө кайтарып алышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG