Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Британия кемеси орусиялык күчтөрдүн эскертүү аткылоосуна тушукканын төгүндөдү


Британ деңиз аскерлеринин Defender кемеси. Одесса, 18-июнь 2021-жыл
Британ деңиз аскерлеринин Defender кемеси. Одесса, 18-июнь 2021-жыл

Британия орусиялык кеме Кара деңизде алардын кемесине эскертүү иретинде ок чыгарганын төгүнгө чыгарды. Орус маалымат каражаттары аннексияланган Крым жарым аралына жакын жерде 23-июнда ФСБнин кемеси британ деңиз аскерлерине таандык Defender деген эсминец тарапка ок ачканын, жанына бомбалар ташталганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, орусиялык чек арачылар британ кемеси чек араны бузган деп айыпташкан.

Падышалыктын Коргоо министрлиги ок атууну алдын ала эскертилген машыгууга байланыштырып, бомбалар ташталганы тууралуу маалыматты четке какты.

ТАСС агенттиги Defender Орусия өзүнүкү деп эсептеген аймакка үч километрге кирип кеткенин билдирген. Инцидентте эч ким жабыркаган жок деп кабарланды.

Москва кошуна Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялап, Донбасстагы орусиячыл жикчилер ал аймакты өз көзөмөлүнө алышкан. Азыркыга чейин уланып келаткан жаңжал 13 миңдей кишинин өмүрүн кыйды.

Батыш ал окуялардан кийин Орусияга санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG