Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:28

Ашхабад чет өлкөлүктөр үчүн дүйнөдөгү эң кымбат, Бишкек эң арзан шаар болду


Ашхабад.
Ашхабад.

Түркмөн башкалаасы чет өлкөлүктөр үчүн эң кымбат шаарлардын сап башына чыкты. Америкалык Mercer компаниясы жыл сайын түзүп келаткан рейтинг компанияларга жана өкмөттөргө сырт жактардагы кызматкерлерине канча айлык төлөш керектигин чечүүгө жардам берет.

209 шаар камтылган тизме турак жайдын, транспорт жана азык-түлүктүн, 200 чакты товарлар менен кызматтардын бааларын эске алуу менен түзүлөт.

Ашхабаддан кийинки экинчи орунда быйыл Гонконг, андан кийин Бейрут, Токио, Цюрих, Шанхай, Сингапур, Женева, Бээжин жана Берн жайгашты.

Бул тизмедеги көпчүлүк шаарларда экономикалык өсүш жашоонун кымбатташына да алып келген. Ал эми түркмөн башкалаасында тескерисинче, экономикалык кризис өкүм сүрүүдө.

Жаратылыш газына бай болгону менен, авторитардык башкаруудагы өлкө кризистен чыга албай, эл улам жакырланып баратат. Бул күндөрү дүкөндөрдө узун кезектерди көрсө болот, эң керектүү тамак-аш тартыш. Пандемия абалды ого бетер курчутту.

Ал эми Бишкек бул рейтингде эң арзан шаарлардын катарына кирип, 209-орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG